• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Наманганда аракка ууланып 5 киши көз жумду

7 Үчтүн айы 2021 12:07 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын Наманган облусунда аракка ууланып беш киши көз жумду. «Азаттыктын» өзбек кызматы жергиликтүү басылмаларга таянып кабарлагандай, алар Кыргызстанда чыгарылган аракты ичишкен.

Окуя Жаңы жыл майрамынын алдында Төрөкоргон районунда болгон. Аракка ууланды деген 13 киши ооруканага жеткирилген. Райондук прокуратура кылмыш ишин ачып, иликтөө баштады.

Аракка ууланып көз жумгандардын жаш курагы 36дан 52ге чейин.

Райондук ооруркананын башчысы уулангандардын алтоо сакайып үйгө чыгарылганын билдирген.

Количество просмотров: 133