• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Наманганда окуучу кызды жеңеси каналга чөктүрүп өлтүрдү

13 Чын куран 2021 10:42 Бишкек Govori.TV

Наманган каналында дайынсыз жоголгон кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу облустук прокуратура билдирди.

Маалыматка караганда, кыздын атасы Чартак райондук прокуратурасына 5-апрелде кайрылган. Ал эртең менен мектепке кетип, ошол бойдон кайрылып келген эмес.

6-апрелде издөө иштеринин жыйынтыгында «Катта Наманган» каналындагы көпүрөнүн жанынан окуучу кыздын сөөгү табылган.

Кийинчерээк кызды жеңеси мектептен алып, каналга түртүп жибергени аныкталды. Ушул тапта шектүү кармалды, ага карата «Атайлап киши өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө уланууда.

Количество просмотров: 1762