• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Намангандагы селден сегиз киши каза болду

14 Теке 2021 9:10 Бишкек Govori.TV

Наманган облусунун Касансай районундагы селден сегиз киши каза болуп, алтоо жаракат алды. Бул тууралуу Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, селге Кыргызстандын Жалал-Абад облусундагы нөшөр жаан себеп болгон.

13-июлда түштө Наманган облусундагы Обод маалесин аралап өткөн Касансай дарыясы нугунан чыгып, үйлөрдү суу каптаган.

Мекемеден кырсык болгон жерге жергиликтүү Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын, Ички иштер башкармалыгынын жана прокуратуранын өкүлдөрү барганын, абал көзөмөлдө экенин билдиришти.

Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери издөө-куткаруу иштерин улантып жатышат.

манган облусунун Касансай районундагы селден сегиз киши каза болуп, алтоо жаракат алды. Бул тууралуу Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, селге Кыргызстандын Жалал-Абад облусундагы нөшөр жаан себеп болгон.

13-июлда түштө Наманган облусундагы Обод маалесин аралап өткөн Касансай дарыясы нугунан чыгып, үйлөрдү суу каптаган.

Мекемеден кырсык болгон жерге жергиликтүү Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын, Ички иштер башкармалыгынын жана прокуратуранын өкүлдөрү барганын, абал көзөмөлдө экенин билдиришти.

Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери издөө-куткаруу иштерин улантып жатышат.

Количество просмотров: 513