• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Нариман Түлеев: “Мен Атамбаевден эмес, ал элден коррупциясы үчүн кечирим сурасын!”

4 Бугу 2018 11:51 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 04.05.2018. Govori.TV
“КСДПнын билдирүү толугу менен күлкү келээрлик жана абсурд”. Мындай сөздү экс-мэр Нариман Түлеев өзүнүн соцтармактардагы баракчаларына КСДПнын “Нариман Түлеев Атамбаевдин бер нече жолу кечирим сураган”  деген билдирүүсүнө карата жообунда жазды.
“Биринчиден, кол жазма меники эмес, бул абдан одоно жасалмачылык, мен бул боюнча графологиялык экспертизадан өткөнгө даярмын. Мындай жасалма документтерди даярдоо алардын башынан келе жаткан деңгээли. Жасалмалоо алардын учурунда жогорку чекке жеткен. Бул менин үстүмөн козголгон кылмыш ишиме гана байланыштуу эмес”,-дейт ал.

“Экинчиден, аксакаллдын кайрылуусуна чукул реакция жасаган КСПД (тагыраагы, партияндагы бийликти узурпациялап алган бөлүгү) алар учурунда өлкөдөгү баардык  процесстерге, кала берсе сот акыйкаттуулугуна чейин кийлигишкенин тастыктады. Эми ачуу чындыктар алардын талылуу жерлерин ачыштырып жатат”,-деп кошумчалайт экс-мэр.
Ошону менен катар эле Н. Түлеев КСДП эчак эле кара пиар менен алек болуп калганын, эми алар мындан да активдешкенин, анткени, башка кыла турган иши калбай калганын айтат.

“Мен Атамбаевден кечирим сурашым керек эмес, тескерисинче, ал элден коррупция үчүн, талкаланып, толук башкарууга өткөн сот системасы үчүн, жарандардын Конституциялык укуктарынын бузулушу үчүн, балыкооздор менен видеокамералар үчүн, бажыдагы жана Дача-Суудагы контробанда үчүн, Датка-Кемин үчүн, элди басынтып, аймактар боюнча бөлгөнү үчүн, жана башкалар үчүн кечирим сурашы керек”,-дейт ал.
Эске сала кетсек, Нариман Түлеев азыр жеке иштери менен өлкөдөн сыртта жүрөт. Ал келээри менен Алмаз Атамбаев жана анын адамдарынын мамилеси боюнча маалымат жыйынын берээрин убада кылган.
Количество просмотров: 6