• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Нариман Түлеев эми Атамбаевин абийрин төгөбү?

4 Бугу 2018 10:39 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 04.05.2018. Govori.TV

КСДП партиясынын маалымат кызматы бүгүн Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевдин  экс-президент Алмазбек Атамбаевден кечирим сураган катын көрсөттү. Анда Түлеев “Байке, үч жылда көп нерсени түшүндүм, атамдан ажырадым, мени кечирип коюңузчу. Бир кезде “мен дагы жардам берем, иним ” дедиңиз эле, ошол жардамыңызды сурап жатам” жазган. Колу коюлган кат 23.02.2015-жылы жазылганы көрүнүп турат.

Бирок, Govori.TVнын кабарчылары Нариман Түлеев менен байланышканда ал эч кандай эч кимден кечирим сурабаганын, бул кат жасалма экендигин, жакында Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, Алмазбек Атамбаевдин жакындарынын ага кылган мамилелерин, айтырган салам дубайларын ачык жар салаарын айтты.

Эске сала кетсек, кечээ теңиртоолук аксакалдардын бири Атамбаевге Түлеевди бошотуу боюнча кайрылышканда, ал Чыныбай Турсунбеков аркылуу “кечирим сурасын” деген талап койгонун, бирок, Нариман Түлеев мындан баш тартканын айткан болчу.

 

Количество просмотров: 5