• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

“Наристе манасчы” шаардык сынагы жарыяланат

27 Бугу 2021 17:00 Бишкек Govori.TV

1-Июнь Балдарды коргоо эл аралык күнү майрамына карата Бишкек шаарынын мэриясы “Наристе манасчы” шаардык сынагын жарыяланат. Бул тууралуу шаар башкармалдыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, сынак 31-майда саат 10.00дө “Манас” жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы” мамлекеттик мекемесинин жыйын жайында башталат.

Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү Кыргыз Республикасынын “Манас” эпосу жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруу, “Манас” эпосунун үчилтигин сактоо, өнүктүрүү, даңазалоо жана борбор шаардагы жаш балдар арасында жайылтуу, эпос аркылуу балдарды идеялык-тарбиялык жана тарыхый-маданий мүнөздөгү иш-чараларга тартуу максатында өткөрүлүүдө.

Сынакка Бишкек шаарынын мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарындагы 3 жаштан 11 жашка чейинки (1-4-кл.) балдар катыша алышат.

Иш-чаранын катышуучуларына “Манас” эпосунан үзүндү айтуу, көркөм аткаруу чеберчилигине баа берилет. Сынактын шарттары боюнча райондук сынактардан 1,2,3-орунга ээ болгон жеңүүчүлөр шаардык сынакка катыша алышат.

“Эң мыкты” деп табылган мектепке чейинки билим берүү уюмдарынан 3 наристе манасчы (1,2,3-орундар), жалпы билим берүү уюмдарынан 3 наристе манасчы (1,2,3-орундар 1-4-класстардан), жалпы шаар боюнча 24 наристе манасчы шаардык сынакка катышат.

Сынакка катыша тургандардын аты, фамилиясы, жашы, окуган классы, мектеби, району, айта турган үзүндүнүн темасы жазылган табыштамаларды, катышуучулардын “Манас” эпосунан үзүндүлөрдү айткан видеороликтери менен (диск  же электрондук алып жүрүүчүдө) кошо Бишкек шаарынын  мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнө 2021-жылдын 28-майы саат 13.00гө чейин тапшыруу керек.

Количество просмотров: 106