• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Нарматова жакырчылык боюнча маалыматты билбейби?

11 Бештин айы 2023 18:19 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-декабрда Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет жыйынында депутат Надира Нарматова буга чейин Женева шаарында “Жакырчылыктын гармониялык статистикасынын индикаторлорун комплекстүү өлчөө, аныктоо, иштеп чыгуу жана түзүү” эл аралык семинарга катышканын айтып, төмөндөгүлөргө токтолду.

«Борбор Азиядан Рафик аттуу эксперт сөз сүйлөп, жакырчылыктын деңгээли боюнча туура эмес маалымат берди. Ал Кыргызстандагы жакырчылыктын деңгээлин Тажикстандын көрсөткүчтөрүнө теңеди. Өзбекстан менен Казакстанды кайра-кайра мактап жатты. Жанагы эле мен күрөшүп жүргөн бейөкмөт уюмдары экен. Себеби алар акча жасайт экен. Ар бир мамлекет ага айлык төлөйт экен. Ким көбүрөөк төлөсө ошону мактап коёт экен. Ошондуктан ал жерде да туура эмес маалыматтар айтылды. Бирок Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары туура маалымат берүү менен аларды өз ордуна койду», — деди ал.

Белгилей кетсек, Улуттук сатистика комитети жакырчылыктын деңгээли өлкөдө 5 жылдын ичинде 22,4 пайыздан (2018-жылы) 33,3 пайызга (2022-жылы) жеткенин жарыялаган.

Надира Нарматова бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтөт деп сынга кабылган «чет өлкөлүк өкүл» тууралуу мыйзам долбоорунун автору. Документ былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн мыйзамга дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан кайра баш тартышкан.

“Адилет” укуктук клиникасы бул “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамын талдап чыгып, анын 98% Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган.

Юристтер “Бейөкмөт уюмдар жөнүндө” мыйзам демократияга жана адам укуктарына каршы багытталган көптөгөн жоболорду камтый турганын айтып чыгышкан.

Ал эми Надира Нарматова мыйзам долбоору сөз эркиндигин, бейөкмөт же эл аралык уюмдардын ишин чектебей турганын айтып келет.

Буга чейин парламент мүчөлөрүнүн курамынан турган расмий делегация Швейцарияга барат деген маалымат тарап, эл өкүлдөрүнүн арасында «чет элдик өкүл” жөнүндө талаштуу мыйзам долбоорун демилгелеген депутат Надира Нарматова дагы бар экени айтылган.

Бирок эл өкүлү бул боюнча кабары жок экенин билдирип, маалыматты четке каккан.

27 — ноябрда Женева шаарында «Туруктуу жана ыңгайлуу улуттук статистикалык система» долбоорунун алкагында БУУнун колдоосу менен «Жакырчылыктын гармониялык статистикасын ар тараптуу өлчөө, аныктоо, өнүктүрүү, көрсөткүчтөрүн белгилөө» аталышындагы эл аралык семинар өтүп жатканы Улуттук статистика комитетинин Фейсбуктагы расмий баракчасына жарыяланган.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, Бюджет, экономика жана фискалдык саясат комитетинин мүчөлөрү Надира Нарматова, Шарапаткан Мажитова жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева катышкан.

Количество просмотров: 175