• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Нарматованын эжеси: Кичинекей кызды сыны үчүн кылмышкердей кармап келгенине жүрөгүм менен ыйлайм

16 Жетинин айы 2022 13:30 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 16-ноябрда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматованын баш коргоо чарасы каралып, Бишкек шаардык сот райондук соттун Нарматованы 20-декабрга чейин камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырды.

Сотко келген Нарматованын бир тууган эжеси Гүлбарчын Нарматова соттон адилеттүү чечим күтүп жатканын айтты.

Ал эми Нарматова коюлуп жаткан айыпты «абсурд» деп атады.

«Кемпир -Абадды коргоо комитети түзүлгөндө мен Орусияда болчумун. Кошуласыңбы деген сунушка макул болгон үчүн мени кармап отурушат. Коюлуп жаткан айыптын баары абсурд!»,-деди ал.

27-октябрда Москвада кармалган Орозайым Нарматова жана активист Илгиз Шаменов Кыргызстанга 29-октябрда алынып келинген.

Алар Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренесинин («Массалык башаламандык уюштурууга даярдык») негизинде козголгон кылмыш иштин алкагында эл аралык издөөгө алынып, кармалган.

27 жаштагы Орозайым Нарматова өлкөдөгү окуяларга пикирин активдүү билдирип, бийликти сындап келген. Ошондой эле ал Кемпир-Абаддын коңшу өлкөгө берилишине каршы чыккандардын бири.

Нарматова Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына Бүтүн-Кыргызстан партиясы менен келип, депутат болуп шайланган. Бирок УКМК Нарматова дипломун мыйзамсыз алганын билдирип кылмыш-ишин козгогон.

Кийинчерээк БШК Нарматованын талапкер катары каттоосун жана мандатын жокко чыгарган.

ИИМ «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» деген шек менен 20дан ашык активист жана саясатчыларды кармады, үйлөрүн тинтүүгө алды. Сот аларды эки айга камакка алды.

Количество просмотров: 4648