Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети депутат Надира Нарматованын «чет өлкөлүк өкүл» түшүнүгүн сунуштаган талаштуу мыйзам долбоорун карап, аны биринчи окууда кабыл алды. Депутат документ өкмөттүк эмес уюмдардын ишине тоскоол болбойт деп ишендирүүдө.
Деген менен бул мыйзамга жарандык коомдун өкүлдөрү нааразы пикирин билдирип жатышат. Алардын бири «Майыптарга юридикалык жардам көрсөтүү» фондунун жетекчиси Толкунбек Исаков.
Буга чейинки талкууларда юрист Таттуубүбү Эргешбаева коммерциялык эмес уюмдардын иши «ачык-айкын эмес каражаты тууралуу отчет бербейт» деген сөздөрдү четке кагып, төмөндөгүлөргө токтолгон.
Саясат талдоочу Алмаз Тажибай буга чейин “Чет элдик өкүл жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынгандан кийинки кесепеттерин атады.