• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Нарматованын ордуна келген депутат ант берди

26 Үчтүн айы 2022 15:24 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын тизмеси менен келген депутат Айгүл Айдарова ант берди.

Белгилүү болгондой, кечээ, 25-январда БШК токтому менен Айдарова Айгүл Абдисаламовна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты катары каттап, ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги тапшырылган.

Ал мандаты жокко чыгарылган Орозайым Нарматованын ордуна келди.

Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясы 20-январдагы отурумунда Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованын мандатын жокко чыгарган. Мындай чечимге анын жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алганы жөнүндө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет менен Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы негиз болгон.

Количество просмотров: 714