• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Нарын шаарында балдар майрамына карата иш-чара болуп жатат

1 Кулжа 201811:36 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 01. 06. 2018.Govori.TV

1-июнь «Балдарды коргоо күнүнө» карата Нарын шаарында балдарга арналып ар кандай оюн-зооктор уюштурулуп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы Майрамбек Өмүрбаев билдирди.

Нарын шаарынын мэриясы тарабынан шаардагы ар кайсы эс алуучу парктарда оюн-зооктор уюштурулду. Бөбөктөр ыр ырдап, оюн ойношту. Катышкан балдарга мэрия тарабынан ар-кандай белектер берилди.

Белгилей кетсек, бул майрам үчүн мэрия тарабынан атайын акча бөлүнгөн.

Количество просмотров: 167