• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Нарын суусуна чөгүп кеткен жаранды издөө иштери улантылууда

9 Баш оона 201811:41 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 09.08.2018. Govori.TV

Бүгүн, 2018-жылдын 9-августу күнү саат 08:00дө Нарын суусуна чөгүп кеткен жаранды издөө иштерин улантылууда. Бул туурасында ӨКМ билдирди.

Издөө үчүн, КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 9 куткаруучу жана КР ӨКМнин Суучулдар кызматынан 3 суучул тартылган.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында 2018-жылдын 4-август күнү саат 15:30 чамасында Нарын суусуна 1988-жылы туулган Б.З. аттуу эркек киши чөгүп кеткен. Ошол күндөн бери куткаруучулар тарабынан издөө иштери жүргүзүлүүдө.

 

Количество просмотров: 21