• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Нарынбек Молдобаев, экс-депутат: “Артыкбаев Кытайга “жөн эле барып келели” дегенде, баш тарткам…”

8 Бугу 2018 21:26 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 08. 05. 2018. Govori.TV
“Адистердин эсеби боюнча 2009-жылы Бишкек жылуулук борборун келечекте оӊдоо үчүн болгону 250 млн доллар сарпталат деген корутунду чыккан”. Бул тууралуу “Марал” радиосуна маек берип жатып, экс-депутат Нарынбек Молдобаев айтты.
“Мен депутат болуп турган кезде бир күнү эле Осмонбек Артыкбаев чалып «байке Кытайга барып келбейлиби» деп калды. Эмнеге десем «жөн эле жер көрүп эс алып келебиз» деди. Бирок мен жөн эле эч нерсе болбойт деп, жок барбайм деп баш тарттым. Анан эле бир топ депутаттар Кытайга кетишти. Кийин «ЖЭБдин ремонтуна 385 млн доллар алып келгени калдык» деп келишти”,-дейт ал.
Анын айтымында, парламентте бул маселе каралганда ал эмнеге 250 млн доллар кетчү жерге 385 млн доллар деп жатканына кызыгып , каршы чыккан. Бирок, эч ким анын үнүн угуп, кулак салган эмес.
“Менин пикиримде ким жооптуу болсо аны жоопкерчиликке тартыш керек. Анткени кыргыз чиновниктери арам акча бир дагы кишиге жакшылык алып келбесин түшүнө албай жатат. Карап көрсөк жеп-ичкендер камалып, суралып же бир тууганынан айрылып жатат”,-дейт ал.
Эске сала кетсек, Нарынбек Молдобаев  2010-2015-жылдары “Атажурт” партиясынан ЖКда депутат болгон.
Количество просмотров: 18