• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Нарында кызды ала качып, зордуктап койгон

14 Баш оона 2018 9:19 Бишкек Govori.TV
 Бишкек 14.08.2018. Govori.TV
Нарын областынын, Жумгал районунундагы кыз ала качуу боюнча кылмыш иши козголуп, сотко өткөрүлүп берилди. Бул туурасында “Кылым шамы” укук коргоо борборунун башчысы Азиза Абдирасулова билдирди.
Анын айтымында ала качкан жигитке, “үй бүлөө курууга аялды мажбурлоо жана зордуктоо”- беренеси боюнча айып тагылган.
Ушундай эле айып,  ала качкан жигиттин карындашына дагы коюлган. Анткени ал дагы бул окуянын себепкери болгондугу үчүн, кылмышкер болуп отурат деп кошумчалады – Азиза Абдирасулова.
Эскерте кетсек, 10-июнда Бишкекте кыз ала качуу катталып, аны  күч колдонуп, машинага салып кетишкен. Жабырлануучу буга чейин жигит менен эч качан жолукпаганын айткан. Милиция кызматкерлери жайкашкан жерди тапканда кыз зордукталып калган болчу.
Количество просмотров: 9