• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Нарында Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлери эскерилди

9 Бугу 2018 10:01 Бишкек Govori.TV
09.05.2018. Govori.TV
Улуу Ата-Мекендик согуштун 73 жылдыгына карата Нарындагы Тянь-Шань сейил багында гүл чамбар коюлуп, согушта курман болгон аталарды эскеришти.
Бул тууралуу Govori.TV сайтынын Нарындагы кабарчысы билдирди.

Бул эскерүүгө Өкмөттүн Нарындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов катышты. Андан сырткары согушта курман болгондорго арналып куран окулду.

Белгилей кетсек, Нарын обласы боюнча Улуу Ата-Мекендик согуштун 9 ардагери бар.
Количество просмотров: 16