15-июлдан 16-июлга караган түнү Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жердин силкинүүсү Кара-Кече, Ак-Булак, Үгүт айылдарында 2,5 баллга, Жаңы-Талап, Байгөнчөк, Ак-Тал айылдарында 2 баллга сезилген.