Кызыл — Суу дарыясынан изделип жаткан үч жашар балынын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Алдын ала маалымат боюнча Ош облусунун Кара-Кулжа районун Ылай-Талаа айылындагы Кызыл-Суу дарыясына (аты-жөнү такталууда) жаш бала түшүп кеткен тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө Кара-Кужа райондук №66 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылган.
Издөө иштеринин натыйжасында саат 11:18 чамасында куткаруучулар тарабынан 2021-жылы туулган Т.Э., атуу жаш баланын сөөгү Кызыл-Суу дарыясынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.