Нарын облусунда күчү 4,5 баллдык жер титирөө болду.
ӨКМдин маалыматы боюнча, очогу Орто-Сырт айылынан 15 чакырым түштүк-чыгышта, Нарын шаарынан 78 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.
Жер титирөө Орто-Сырт жана Кара-Булак айылдарында 4,5 баллга жеткен. Ал эми Кызыл-Туу, Казыбек, Кара-Булуң жана Ак-Бейит айылдарында 4 балл болгон.