• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Нарын: 6 ай ичинде 132 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды

22 Теке 2022 11:12 Бишкек Govori.TV

Нарын облусунун прокуратурасы тарабынан «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» мыйзамдын аткарылышы боюнча Нарын облусунун жергиликтүү райондук мамлекеттик администрацияларында текшерүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Текшерүүдө, облус аймагында 2022-жылдын 6 айына карата үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 132 факты катталып, анын ичинен 118 (89,4 %) учур аялдарга карата 13 (9,8%) учур жаш жетелектерге карата жасалгандыгы аныкталды. Ачыктап көрсөткөндө, 64 (48,5%) физикалык зомбулук учуру катталса, 68 (51,5%) учур психологиялык жактан зомбулук жасалган.

«Үй-бүлөлүк зомбулуктун пайда болушун алдын алуу үчүн райондук администрациялар тарабынан тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлбөгөндүктөн, район башчыларынын орун басарларына карата “Укук бузуулар жөнүндөгү” Кодексинин 435-беренесинин негизинде 5 укук бузуу жөнүндө өндүрүш иши козголду. Натыйжада, сот тарабынан тийиштүү чечимдер кабыл алынып, алар административдик жоопкерчиликке тартылуу менен бирге, ар бирине 10 миң сомдон айып салынды»,-деп айтылат маалыматта.

Облустук прокуратура тарабынан үй-бүлөлүк зомбулукту болтурбоо, турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлө жана балдар менен иштөө, жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукка каршы туруу боюнча иш-чаралар күчөтүлүп алып барыла турганы кабарланды.

Теги:
Количество просмотров: 168