• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Нарын дарыясына секирип кеткен кыз табыла элек

12 Жетинин айы 202410:00 Бишкек Govori.TV

Нарын дарыясына секирип кеткен 17 жаштагы кызды издөө иштери башталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, бүгүн 10 куткаруучу, Ички иштер министрлигинен 20 кызматкер, жалпы 30 адам чыкты.

Издөө иштерин биринчи топ Нарындагы Актал-Чат көпүрөсүнөн баштап, Тоголок-Молдону көздөй суу жээги менен жүргүзөт. Экинчи топ Нарын шаарынын Жаңы-Жол аймагынан Жан-Булак айылын көздөй улантат.

Белгилей кетсек, Нарын шаарынын Жаңы-Жол тилкесиндеги көпүрөдөн Нарын дарыясына 2007-жылы туулган Т.Э. аттуу кыз секирип кеткендиги тууралуу маалымат 2-ноябрда түшкөн. Ошол күндөн бери издөө улантылып жатат.

Кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 190