• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Нарын дарыясына унаа кулап, 2 кыз жана 9 жашар бала каза болду

2 Аяк оона 2020 10:47 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абадда унаа Нарын дарыясына кулап, 2 кыз жана 9 жашар бала каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 1-сентябрь күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 449-чакырымында “Toyota-Wish” үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, Нарын дарыясына болжол менен 50-60 метр бийиктиктен кулап кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 2 кыз жана 9 жашар бала каза болуп, беш эркек адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Учурда баарынын өздүгү такталууда.

Жерине 5 куткаруучу, тез жардам кызматы, ИИМден 5 кызматкер тартылган. Куткаруучулар каза болгон жана жабыркаган адамдарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 3573