• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Нарын дарыясынан эркек кишинин жансыз денеси табылды

23 Бештин айы 202116:37 Бишкек Govori.TV

Нарын дарыясынан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Белгилүү болгондой, Ак-Булуң айылында Нарын дарыясында асма көпүрөдөн өтүп бара жатып эркек адам сууга түшүп кеткен. Жерине 4 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Количество просмотров: 162