• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бир жумада унаадагы коопсуздук куру тагылбаган 400 миңден ашык учур катталды

7 Тогуздун айы 202513:39 Бишкек Govori.TV

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды коопсуздук курун тагынууга чакырат.

Мекеменин маалыматы боюнча, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, жол кыймылынын катышуучуларынын жүрүм-турум маданиятын жогорулатуу жана укук бузуулардын алдын алуу максатында, 2025-жылдын 1-октябрынан тарта «Коопсуз өлкө» долбоорунун алкагында орнотулган аппараттык-программалык комплекстер (АПК) унаа ичинде коопсуздук курун тагынбаган айдоочу жана жүргүнчүлөрдү фото-видео байкоо аркылуу аныктап баштаган.

Бул функция ишке кирген күндөн тартып, бир жума аралыгында жалпы өлкө аймагында 400 миңден ашуун коопсуздук курун тагынбаган айдоочулар жана жүргүнчүлөр аныкталган.

«Урматтуу айдоочулар жана жүргүнчүлөр, өз өмүрүңүздөрдүн коопсуздугу үчүн унаага отурганда коопсуздук курун сөзсүз тагыныңыздар жана жол кыймылынын эрежелерин так сактаңыздар», — деп айылат маалыматта.

Количество просмотров: 178