• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Нарын менен Ысык-Көлдө балык чарбасын түзүү боюнча окутуулар өтөт

24 Аяк оона 202515:28 Бишкек Govori.TV

Нарын жана Ысык-Көл облустарында аквакультураны уюштуруу жана балык чарбасын түзүү боюнча окутуу-семинары өткөрүлөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Окутуулар Балык өнөр жайы комплекси департаменти тарабынан уюштурулат.

Семинардын жүрүшүндө төмөнкү негизги темалар каралат:

  • балык чарбасына жер участокторун берүү жана аларды берүү тартиби;
  • республикалык көлмөлөрдө жана суу сактагычтарда белгиленген балык өстүрүү зоналарында, балыктын түрлөрүнө жараша өстүрүү ыкмалары;
  • торчо балык чарбаларын, бассейндик балык чарбаларын, ошондой эле көл, суу сактагыч жана көлмө балык чарбаларын уюштуруу боюнча практикалык маалыматтар;
  • аквакультураны уюштурууда жана жүргүзүүдө ветеринардык-санитардык талаптар, нормалар жана буфердик зоналарды сактоо эрежелери.

Семинарлар райондук мамлекеттик администрацияларында төмөнкү күндөрү өткөрүлөт:

  • 24-сентябрда — Нарын облусунун Кочкор районунда;
  • 25-сентябрда — Нарын шаарында;
  • 26-сентябрда — Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз жана Түп райондорунда.
Количество просмотров: 158