• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Нарын облустук курулуш башкармалыгынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду

27 Теке 2022 18:31 Бишкек Govori.TV

Нарын облустук курулуш башкармалыгынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Нарын облустук прокуратурасы тарабынан текшерүүнүн жүрүшүндө облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери Кочкор районуна караштуу Кара-Суу айылына спорт залын курууда өздөрүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, иш жүзүндө аткарылбаган жумуштарга мыйзамсыз түрдө акча каражаттарын алдын ала которуп, жумуштун жүрүшүнө тийиштүү деңгээлде көзөмөл жүргүзбөгөндүгү аныкталды.

Жыйынтыгында мамлекетке жалпысынан 4 млн 473 миң 536 сомдук зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча облустук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө

Количество просмотров: 1135