• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Нарын облусунда жаш балдар арасында кыска бойлуулук 65 пайызга азайды

24 Бугу 2019 12:13 Бишкек Govori.TV

Бишкек.24.05.2019.Govori.TV.

Акыркы беш жылда Нарын облусунда беш жашка чейин жаш балдар арасында кыска бойлуулук 65 пайызга кыскарды. Мындай жыйынтыкка 2014-2018-жылдары ишке ашырылган USAIDдин “SPRING” аттуу долбоорунун салымы зор болду. 

Мындай жыйынтыкты 17-майда расмий түрдө жарык көргөн аялдардын жана жаш балдардын абалы боюнча көпчүлүк көрсөткүчтөр боюнча кластердик изилдөө көрсөттү. Бул изилдөө Кыргыз Республикасы боюнча Нарын облусу кыска бойлуулук деңгээли эң төмөн аймактардын бири экенин да көрсөттү. 

Бойдун өспөй калышы жаш балдардын толук кандуу тамак жебей калганынан келип чыгат. Ал жаш баланын денесинин жана аң сезиминин өсүшүнө олуттуу жана оңолгус залал келтириши мүмкүн. 

SPRING долбоору АКШнын өкмөтү тарабынан каржыланып, АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) аркылуу ишке ашырылган. Анын негизги максаты – энелердин жана жаш балдардын толук кандуу тамактануусун жакшыртуу. Долбоор жаш баланын жашоосунун биринчи 1000 күнүнө өзгөчө көңүл бөлгөн. Ал Нарын облусун толугу менен жана Жалал-Абад облусунун айрым аймактарын камтыган. 

Кыска бойлуулукту кыскартуудан тышкары, долбоор бир нече башка жетишкендиктерге алып келди. SPRING долбоору ишке ашырылган бардык аймактарда бир гана эмчек эмизүү аркылуу жаш балдарды багуу 29 пайыздан 63 пайызга өстү. Бул абдан маанилүү, анткени башка тамак аралаштырбай, эмчек гана эмизүү ымыркайларга эң мыкты таасир берет. Эмчек эмген жаш балдар эмбегендерге караганда азыраак ооруп, ден соолугу чың болот. 

Андан тышкары, долбоор ишке ашкан аймактарда тамак-аш түрдүүлүгү да өстү – аялдар арасында 35 пайыздан 70 пайызга чейин, ал эми жаш балдар арасында 42 пайыздан 54 пайызга өстү. 

Бул изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча пикирин бөлүшкөн USAIDдин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Гэри Линден мындай деди: “USAID жаш курактагы саламаттык адамдын келечекте өз дараметин толугу менен колдонууга өбөлгө болот. Ошондуктан, биз бул жааттагы ишти улантып, кыргызстандыктардын, айрыкча жаш балдар, боюнда бар аялдар жана жетилген кыздар, толук кандуу жана туура тамактануусуна жол ачууну колдойбуз”. 

Количество просмотров: 3