• Жума 12 Кулжа 2026
  • Пятница 12 Июнь 2026

Нарын облусунун туристтик логотиби иштелип чыкты

6 Кулжа 202313:24 Бишкек Govori.TV

Нарын облусунун туристтик логотиби иштелип чыкты, деп билдирет Туризм департаментинин маалымат кызматы.

Логотибде облустун жаратылышын чагылдырган бийик тоолор, анда байыр алган аркар, өлкөдө уникалдуу деп саналган “Таш-Рабат” тарыхый-маданий объектиси, облустун төрт районунун аймагын камтыган айтылуу “Соӊ-Көл” көлү ошондой эле, кыргыздын улуттук-маданий баалуугу болгон боз үй, кыргыздын улуттук суусундугу кымыз куя турган идиши – көөкөр чагылдырды.

Белгилей кетсек, Нарын облусунун туристтик брендин (брендбук) иштеп чыгууга региондордо туризмди өнүктүрүү анын дараметин чет элдик туристтерге таанытуу жана жайылтуу максатында Туризм департаменти колдоо көрсөттү.

Количество просмотров: 64