• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Нарын ОИИБге жаңы 10 кызматтык унаа ташырылды

9 Бирдин айы 2024 11:11 Бишкек Govori.TV

Нарын облусунун ички иштер башкармалыгына “НИВА” үлгүсүндөгү жаңы 10 кызматтык унаа ташырылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, унааларды ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Нарын облусунун аймагында өтүп жаткан «Коопсуз өлкө – туруктуу келечек» аталышындагы элдин коопсуздугун чыңдоого арналган форумдун алкагында тапшырды. Алыскы райондордо иш алып барып жаткан тартип сакчылары үчүн бул кубанычтуу жаңылык болду.

«Ал эми жаңы кызматтык унаалар укук бузуулардын алдын алуу, кылмыштуулук менен күрөшүү жана Нарын ОИИБдин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, калкты тейлөөнүн сервистик сапатын жакшыртуу максатында Нарын, Ат-Башы, Кочкор, Жумгал, Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн милициянын айылдык бөлүмчөлөрүнө, Нарын ШИИБдин жана Нарын ОИИБдин коомдук коопсуздук кызматтарына өткөрүлүп берилди. Бул унаалар иштин алга жылуусуна, жарандар менен тыгыз иштешүүдө чоң өбөлгө түзмөкчү», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 163