• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Нарын районунда эки унаа кагышып, 3 адам көз жумду

27 Бирдин айы 201912:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек.27.02.2019.Govori.TV.

Нарын районунун Орто-Нура айылында жол кырсыгы катталып, 3 адам каза болду.

Маалым болгондой, 26-февраль күнү саат 15:15 чамасында Нарын районунун Орто-Нура айылында «Ауди» үлгүсүндөгү автоунаа менен жүк ташуучу «Mercedes-Benz Sprinter» үлгүсүндөгү автоунаа кагышкан. Натыйжада окуя болгон жерден эки адам каза болуп, бир адам ооруканадан каза тапкан. Ал эми үч адам денесинен ар кандай жаракат алышкан.

«Алар, каза болгондор «Ауди» унаасынын жүргүнчүлөрү болушкан. Ал эми айдоочусу жандандыруу бөлүмүнө жаткырылса, «Mercedes-Benz Sprinter» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу менен жүргүнчүсү денесинен ар кандай жаракат алып, Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын сыныктар бөлүмүнө жаткырылган», — деп айтылат маалыматта.

Алдын ала маалыматтарга караганда, каза болгондор Орто-Нура айылынын тургундары болушкан.

Учурда жол кырсыгы боюнча тергөө иштери Нарын РИИБ тарабынан жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 18