• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Нарын районунда муктаж үй-бүлөлөргө көмүр таратылды 

5 Бирдин айы 2024 10:28 Бишкек Govori.TV

Нарын районунда социалдык жактан аярлуу үй-бүлөлөргө жана майыптыгы бар жарандарга мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүү максатында 100 тонна акысыз көмүр таратылды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган добоорду ишке ашыруу «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому тарабынан каржыланды.

Алсак, Чет-Нура айыл өкмөтүнө 12тн, Жан-Булак айыл өкмөтүнө 10тн, Учкун айыл өкмөтүнө 15тн, Дөбөлү айыл өкмөтүнө 13тн, Жерге-Тал айыл өкмөтүнө 15 тн, Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнө 15 тн жана Миң-Булак айыл өкмөтүнө 20тн берилип, ар бир үй-бүлөгө 500 кгдан жалпы район боюнча 200 үй-бүлөгө көмүр таратылып берилди.

Мамлекеттик «Кумтөр Голд Компани» социалдык жоопкерчиликтүү компания катары карапайым элге туруктуу негизде жардам көрсөтүү менен жергиликтүү коомчулуктарды өнүктүрүү боюнча социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорго да каржылык колдоо көрсөтүп келүүдө.

Количество просмотров: 81