• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Нарын шаардык мэриясына 5 жана Жалал-Абад шаарынын муниципалитетине 10 электробус берилет

22 Үчтүн айы 2023 9:00 Бишкек Govori.TV

Каракол шаарынын мэриясы Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) каржылоосуна сатып алуу сунушталган 5 электробустан баш тартты. Бул тууралуу кечээ, 21-январда облустук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын катышуусунда өткөн республикалык жыйында белгилүү болду.

Мэр Эрмат Жумаевдин айтымында, муниципалитеттин адистери жана шаардык кеңештин депутаттары мындай сатып алуунун шаар үчүн тобокелдигин эсептеп чыгышкан.

«Биздин эсеп боюнча насыя боюнча пайызын төлөө оор болуп калат. Биз шаардык кеңеш менен биргеликте өзүбүздүн бюджеттин эсебинен төрт автобус сатып алууну чечтик», — деди шаар башчысы.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Караколго жөнөтүлүшү пландалган беш автобусту башка шаарга өткөрүү тапшырмасын берди. Ушул эле долбоордун алкагында Нарын шаардык мэриясына 5 жана Жалал-Абад шаарынын муниципалитетине 10 электробус берилмекчи.

Кошумчалай кетсек, АӨБ аккумулятор менен иштеген электр автобустарын сатып алууга жана Бишкек шаарынын транспорттук инфраструктурасын жакшыртууга 50 млн доллар көлөмүндө каражат берген.

Маалымдалгандай, анын ичинен 25 миң доллары кайтарымсыз жардам, калганы насыяга берилген, дагы 650 миң доллары Жогорку деңгээлдеги технологиялар фонду менен биргеликте каржыланган. Бул акчага 120 электробус сатып алынмакчы. Башында бул электробустардын бары Бишкек үчүн сатып алына турган болгон, бирок кийинчерээк транспорттун бир бөлүгүн республиканын башка шаарларына берүү чечими кабыл алынган

Количество просмотров: 199