• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Нарын шаарына мэр шайланды

11 Кулжа 202121:36 Бишкек Govori.TV

Самарбек Болотбеков 11-июнда Нарын шаарынын мэри болуп шайланды.

Болотбековдун талапкерлигин шаардык кеңештеги 31 депутаттын ичинен 19у жактырды.

Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, калаа башчылыкка Самарбек Болотбеков жана «Таза-Нарын» муниципалдык ишканасынын директору Алмаз Суранов талапкерлигин койгон. Буга чейин шаарды Нурбек Молдокадыров жетектеген.

Самарбек Болотбеков 37 жашта. Жаңы шайланган мэр Нарын шаарында туулуп-өскөн.

Количество просмотров: 1122