• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Нарын шаарында 1 миң 250 жаранга гуманитардык жардам берилүүдө

22 Чын куран 2020 17:44 Бишкек Govori.TV

Нарын шаарында 1 миң 250 жаранга гуманитардык жардам берилүүдө. Бул тууралуу Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров билдирди.

Анын айтымында, муктаж жарандарга жеке ишкерлер жана мамлекет тарабынан жардам берилип жатат.

«Өлкөбүздө атайын ачылган эсепке түшкөн акчадан Нарын шаарына 1 млн сом которулуп берилди. Ал акчага 1 миң 250 адамга 25 килограммадан кун таратылып башталды. Ошол эле учурда кээ бир жаранга ун берсек, чай алат элем дегенден улам азык-түлүктөн турган комплект даярдап, берип жатабыз», — дейт ал.

Нарын шаарынын мэри билдиргендей, шаарда ун жана азык-түлүк маселеси чечилген, ундун биринчи сорту 1 миң 575 сомдон сатылып жатат.

Количество просмотров: 58