• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Нарын шаарында “Ийгиликке кадам” медиафоруму өтүп жатат

9 Аяк оона 2021 9:44 Бишкек Govori.TV

Нарын шаарында “Ийгиликке кадам” медиафоруму башталды. Иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана өлкө боюнча 80ден ашык журналисттер катышууда.

“Журналисттер” коомдук бирикмеси уюштуруп жаткан жыйында аймактык медиалардын учурдагы абалы жана келечеги тууралуу сөз болот.

Белгилей кетсек, кыргыз тилдүү журналисттердин маселелерин талкуулаган жана алардын кесиптик деңгээлин жогорулатууну көздөгөн «Ийгиликке кадам» медиафоруму эки жылда бир ар кайсыл облуста өткөрүлүп турат. Алгачкы жыйын 2019-жылы Ош шаарында болгон. Экинчи медиафорумду өткөрүүгө IFEX, USAID, IFES, Kyrgyz Concept уюмдары, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси көмөк көрсөтүүдө.

Количество просмотров: 66