Бишкек.27.05.2019.Govori.TV.
Нарын шаарында жүргүнчүлөрдү ташыган №1 жана №2 кичи автобустарга жол кире кымбаттайт. Бул тууралуу “Турмуш” сайты жазды.
Маалым болгондой, үстүбүздөгү жылдын июнь айынан тарта жүргүнчүлөр 10 сомдон төлөп башташат.Бул чечим жергиликтүү депутаттардын жыйынында кабыл алынган.
Эскерте кетсек, учурда Нарында жол кире акысы үчүн чоң адамдар 8 сом, ал эми окуучулар 5 сомдон төлөшөт.