• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Нарын шаарындагы эски көрүстөндүн орду парк болот

26 Жалган куран 202512:30 Бишкек Govori.TV

Нарын шаарындагы Матен Сыдыков аймагынын күн чыгыш тарабында, калктуу конушта жайгашып, акыркы 50 жылга чукул мезгил аралыгында пайдаланылбай калган көрүстөндүн орду түздөлүп, парк болот. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, жергиликтүү тургундардын кайрылуусуна ылайык Нарын шаарынын мэри Канболот Тутев эски көрстөн жайгашкан жерди көрүп, түздөө иштери менен кошо, айланасындагы каралабаган курулуштарды алуу, таштандыларын чыгарып, ирээтке келтирүү иштерин тийиштүү мекеме башчыларына тапшырды.

Жергиликтүү жашоочулар менен бирге ата-бабаларга куран окутулуп, көстөндү бузууда дин кызматкерлеринин кеңеши менен тийиштүү ырым-жырымдарын аткаруу белгиленди.

Количество просмотров: 312