Нарын мэриясы тарабынан Нарын шаарындагы 11 айымга «Баатыр эне» жана «Эне даңкы» сыйлыктары тапшырылды. Бул тууралуу Govori.TV сайтынын Нарындагы кабарчысы Майрамбек Өмүрбаев билдирди.
«Энелер бул жашоонун туткасы. Эненин таман астында бейиш, сиздер бар ааламга мээримге толуп, дүйнө тынчтыкка бөлөнүп турат»-деди, Нарын шаарынын мэри Эмил Алымкулов.
Белгилей кетсек, алардын ичинен 6 айымга «Баатыр эне» калганына «Эне даңкы» төш белгилери ыйгарылды. Мындай саамалык ар жыл сайын уланып турат.