• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Нарын жергесинде 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

19 Жалган куран 202521:52 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын аймагында 19-мартта саат 19:16да күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө болгонун ӨКМ билдирди.
Сейсмология институту билдиргендей, жер титирөө Нарын облусунун калктуу конуштарында сезилген:

-Ат-Башы районунун Кара-Ой, Кадыралы, Жаңы-Талап айылдарында — 4 балл,

-Ак-Кыя айылы-3,5 балл,

-Баетов айылында — 3 балл,

-Сегизинчи Март (Нарын району) Учкун, Ак — Кудук айылдарында-3,5 баллга чейин.

Эпицентри Кара-Ой айылынан 7 км түндүк-чыгышта жана Кадыралы айылынан 9 км түндүк-батышта жайгашкан.

ӨКМ билдиргендей, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 405