• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Нарында 10-класстын окуучулары чатакташып, бирөөсү жаракат алган

15 Бирдин айы 202514:05 Бишкек Govori.TV

13-февралга караган түндө Жумгал районундагы Баш-Кууганды орто мектебинин 10-классынын окуучулары А.Н жана И.Т. чатакташып, натыйжада балдардын бири денесинен жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу Нарын ОИИБ маалымдады.

Мекеме билдиргендей, 13-февралда 00:05 чамасында Жумгал райондук ооруканасынан милициянын 102 кызматына денесинен жаракат алган 2009-жылы туулган И.Т. аттуу өспүрүм түшкөнү тууралуу кабар барган. Окуя тууралуу маалымат Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн бирдиктүү реестрине катталып, тергөөгө чейинки териштирүү башталган.

Райондук милициянын ыкчам-тергөө тобу ооруканага барган учурда өспүрүм Баш-Кууганды айылындагы орто мектептин 10- классынын окуучусу экени аныкталган. Жабыркаган бала өзүнүн А.Н. аттуу классташы менен уюлдук телефон талашып, уруша кетишкенин, классташы аны учтуу нерсе менен сол санына сайып, качып кеткенин айтып берген.

ОИИБдин маалымдашынча, жабыркаган өспүрүмдүн ата-энеси факт боюнча арыз жазуудан баш тарткан.

Тийиштүү деңгээлде алдын алуу иштерин жүргүзбөгөнү үчүн Жумгал РИИБдин беш кызматкери тартиптик жазага тартылды.

Количество просмотров: 433