• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Нарында 150 орундуу жаңы мектепке окуучулар окуп баштады

27 Тогуздун айы 2019 1:22 Бишкек Govori.TV

Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Семиз-Бел айыл өкмөтүнө караштуу Арсы айылындагы 150 орунга ылайыкталган мектеп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мектептин ачылышына билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков катышып, окуучуларды жакшы билим алууга үндөп, курулушка салым кошкон демөөрчүлөргө, жергиликтүү элге ыраазычылыгын билдирген.

Арсы орто мектебинин мурдагы имараты ашар жолу менен 1960-жылы курулган. 2016-жылы Кочкор райондук жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан мектеп авариялык абалда деп табылган. Жаңы мектептин курулушу “Ассанабилл” кайрымдуулук фондунун программасы менен өткөн жылы ноябрь айында башталып, фонд тарабынан 100 миң доллар бөлүнгөн. Жергиликтүү ишкер Эркин Дегенбаев 20 миң доллар өздүк салым кошкон. Мындан сырткары, жергиликтүү бийлик 250 миң сом, Кочкор коомунун өкүлү 260 миң сом кошумча каражат берген. Мектептин ашканасы 60 орунга мерчемделген, — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 96