Бишкек.17.05.2019.Govori.TV.
Нарын облусуна караштуу Миң-Булак айыл аймагынын кире беришине 250 миң сомго такта орнотулганын жергиликтүү жашоочу Камчыбек Таалайбек уулу айтып чыккан.
Маалыматка ылайык, 250 миң сомго орнотулган такта Нарын районунун акими Семетей Черикбаев тарабынан жасатылганы айтылууда.
Ал эми Камчыбек Таалайбек уулу бул тууралуу маселе көтөрүп, акимге кат жолдогон. Бирок, эч кандай жооп келбей, “прокуратурадан дагы бул маселе боюнча чара көрүлгөн жок”,- деп билдирген айыл тургуну.
