• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

Нарында 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

5 Кулжа 202519:51 Бишкек Govori.TV

Бүгүн саат 16:18де Нарын облусунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Атап айтканда, жер титирөө Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Булуң айылында 4 балл, Кызыл-Туу, Казыбек айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 295