• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Нарында 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды

12 Бугу 2020 10:13 Бишкек Govori.TV

Бир сутка ичинде өлкө боюнча Нарын облусунда 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

«Нарында төрөт үйүндөгү кызматкерлер бул илдетти жугузган. Учурда баардык персонал обсервацияга жайгаштырылгандыктан, аларды алмаштыруу болду. Азыр төрөт үйү толугу менен иштеп жатат, болгону башка дарыгерлер тобу менен», — деди ал.

Ал кошумчалагандай стационарлардан 6 медкызматкер сакайып чыкты.

«Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 241 учур катталды, алардын ичинен 186 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан», -деди Усөнбаев.

Количество просмотров: 168