• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Нарында 8-сентябрда II «Ийгиликке кадам» медиафоруму өтөт

23 Баш оона 2021 12:48 Бишкек Govori.TV

8-9-сентябрларда Нарын шаарында II “Ийгиликке кадам” медиафоруму өтөт. Анын жүрүшүндө аймактык медиалардын учурдагы абалы жана келечеги тууралуу сөз болмокчу. Бул иш-чарага республикабыздын булуң бурчунан 70ге жакын кыргыз тилдүү журналисттер менен медиа адистердин катышуусу күтүлүүдө.

«Ийгиликке кадам» медиафоруму – кыргыз тилдүү журналисттердин маселелерин талкуулоо жана алардын кесипкөйлүгүн жогорулатуу максатындагы республикалык иш-чара болуп эсептелет. Аны өткөрүү демилгеси “Журналисттер” КБга таандык. Медиа форум ар эки жылда бир жолу дубандардын биринде өткөрүлүп турат.

II Медиафорумдун өткөрүлүшүнө IFEX, USAID, IFES, ЕККУнун Бишкектеги Программалык офиси жана Kyrgyz Concept сыяктуу эл аралык уюмдар жана кыргызстандык жеке компаниялар көмөк көрсөтүшүүдө. Медиафорум “Журналисттер” КБнын фейсбуктагы баракчасында түз эфирде чагылдырылат.

Количество просмотров: 68