• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Нарында бир күндө ата-бала асынып алды

24 Бугу 20199:54 Бишкек Govori.TV

Бишкек.24.05.2019.Govori.TV.

20-май күнү Нарын шаарында бир күндө ата-бала өз жанын кыйган. Бул маалыматты Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.

Белгилүү болгондой, 20 май күнү саат 15:06 чамасында Нарын райондук ички иштер бөлүмүнө Куланак айылынын тургуну 1999-жылы туулган А.у.И түшкү саат 13:30 дарда өзү жашаган үйдүн мал короосуна асынып алганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Маркумдун денесинен атайы күч колдонгон белгилер байкалган эмес. Каза болгон жигит алты бир туугандын ичинен үй-бүлөдө жалгыз уул болгон.

Ал эми ошол эле күнү саат 19:25 чамасында Нарын шаарында жайгашкан базардын түндүк тарабынан адамдын жансыз денеси табылган. Окуя болгон жерге ШИИБдин ыкчам тобу барып териштирүү иштерин жүргүзгөн. Натыйжада, 1999-жылы туулган А.у.Инин Нарын шаарында иштеп жүргөн атасы баласынын өлгөнүн угуп, Нарын дарыясынын жээгиндегеи бакка зым менен асынып алган.

Маркум 1973-жылы туулган. Анын денесин 1965-жылы туулган бир тууган агасы А.О издеп жүрүп таап алган. эч кимге доосу жок экенин айтып соттук-медициналык экспертизадан баш тартып, инисинин сөөгүн Куланак айылына алып кеткен. Учурда катталган окуялар боюнча тактоо иштери жүргүзүлүүдө.


Количество просмотров: 20