Нарында бороондон улам ашууда калган айдоочулар куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалымат боюнча, 9-мартта Миң-Булак айыл аймагындагы Кара-Кужур — Солтон-Сары жолунда бороон болуп, кар жаап, күрткү түшкөн. Мындан улам жүк ташыган 7 машина жолдо туруп калган.
Жерине куткаруучулар жана техника тартылган. 10-мартта саат 05:30да жол кар күрткүдөн тазаланып, жолдо туруп калган 5 оор жүк ташуучу унаа жана 2 Mercedes-Benz унаасы сапарын уланткан.