• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Нарында браконьерлер кармалды

16 Үчтүн айы 2023 15:10 Бишкек Govori.TV

 Нарын районунда браконьерлер кармалды. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Нарын районунун Кара-Бук участкасында аталган райондун тургуну Ж.у.Ага тиешелүү унаа токтотулган. Унааны текшерүү учурунда ача туяктуу (болжол менен элик) жапайы жаныбардын эттери табылган. Жеринде акт түзүлүп, Нарын райондук милициясына ѳткѳрүп берилди.

Ошондой эле Нарын районунун Кара-Кужур ѳрѳѳнүнѳн үч жаран эки сайсыз жана бир сайлуу ок атуучу уруксат кагаздары жок курал-жарактар менен кармалып, материалдар куралдар менен кошо Нарын райондук милициясына ѳткѳрүп берилди.

Количество просмотров: 83