• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Нарында дагы 15 адамдан коронавирус табылды

14 Бугу 202010:17 Бишкек Govori.TV

Нарын облусунда дагы 15 адамдан коронавирус жуктургандар катталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча брифингде билдирди.

«14-май саат 10:00го карата Нарын облусундагы 15 учурду кошкондо 38 учур катталды. Бул маалымат бизге чукул келди. Республиканын аймагында коронавирус жуктургандар 1082ге жетти. 15 учур боюнча кошумча маалымат берилет»,-деди Каратаев.

Количество просмотров: 409