• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Нарында дайынсыз болуп жаткан жигиттин сөөгү табылды

11 Теке 2023 12:37 Бишкек Govori.TV

Нарында дайынсыз болуп жаткан жигиттин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ат-Башы райондук суу чарба башкармалыгынын Ак-Моюн айылындагы суу көзөмөлдөөчү мурап Өмкө каналында адамдын сөөгү жатканын кабарлаган.

11-июлда саат 18:09да куткаруучулар 21 жаштагы Э. уулу А. жигиттин сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Белгилей кетсек, аталган тургун 7-июлда Ак-Сай өрөөнүнө кеткен. Анын аты Ача тилкесинен табылып, өзү дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 102 кызматына түшкөн. Бүгүн жоголгон адамды издөөгө жалпысынан 12 киши чыгышкан.

Количество просмотров: 139