Транспорт министрлигинин алдын ала маалыматы боюнча, кырсыкка оор жүк ташуучу унаанын өтүшү себеп болгон, анын айдоочусу тыюу салган эрежени бузган.
Көпүрө авариялык абалда болуп, 2025-жылдын титулдук тизмесине киргизилген, аны оңдоо үчүн долбоордук-сметалык документтер даярдалган. Тендер 5-августта жарыяланып, 11-августта өткөрүлгөн.
Учурда тендердин жыйынтыгы боюнча иштер жүрүп жатат, ошондой эле кырсыктын кесепеттерин жоюу жана жол кыймылын калыбына келтирүү боюнча чаралар улантылууда.
Эскерте кетсек, Нарында дарыя жүк ташуучу унаа менен көпүрөнү жууп кетип, айдоочу каза болду.
Көпүрөнүн кыйрашына комментарий берген видеонун автору көпүрө жергиликтүү аткаминерлердин шалаакылыгынан улам урап калган болушу мүмкүн деген.